Фахреттин Алтун НАТО саммити тууралуу маалымат берди

Президенттиктин коммуникация  башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун НАТО саммитинде президент Режеп Таййип Эрдогандын  чоң лидерликти көрсөткөндүгүн  белгиледи.

2010746

Алтун Литванын борбор шаары Вильнюста болгон НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити тууралуу соцтармактан маалымат берди. 

Фахреттин Алтун буларды белгиледи : "Президентибиз белгилегендей саммиттин НАТОнун тоскоол болуу күчүн арттыруу менен бирге Түркия үчүн эң негизги натыйжасы терроризм менен күрөш, Европа Биримдигине мүчөлүк процессибиз, өлкөбүзгө карата санкциялардын жоюлушу сыяктуу жаңы башталгычтарга жана маанилүү чечимдерге жол ачышы. Президентибиздин жетекчилигинде таштай турган кадамдарыбыз менен бул жетишкендиктерибизди бекемдеп, өлкөбүздүн кызыкчылыктарын, улутубуздун укуктарын жана мыйзамдарын ар бир платформада  күчтүү түрдө коргоону улантабыз»,-деди.

Тектеш кабарлар