Йылмаз менен Шимшек Катардын эмири Сани менен жолугушту

Вице-президент Йылмаз социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Шимшек менен Катарга болгон сапарын баа берди.

2008863
Йылмаз менен  Шимшек Катардын эмири Сани менен жолугушту

Президенттин орун басары Жевдет Йылмаз менен казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани менен жолугушту.

Вице-президент Йылмаз социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Шимшек менен Катарга болгон сапарын баа берди.

Сапардын алкагында Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Сани менен жолугушкандарын белгилеген Йылмаз, эки тараптуу жана делегациялар аралык жемиштүү жолугушууларда Түркия-Катар карым-катнаштары жана экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланганын айтты.

Йылмаз быйыл, Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 9-жыйынын уюштурууну пландап жатышкандарын жана ушул убакка чейин өткөрүлгөн сегиз Жогорку стратегиялык комитет жыйынында 95 келишимге кол коюлганын айтты.

Йылмаз бүгүн болгон сапарда сүйлөшүлгөн жаңы долбоорлор менен бирге өзгөчө коргонуу өнөр жайы жана энергетика тармагында кызматташтыкты тереңдетүүнү максат кылгандарын айтты.

Эки өлкөнүн карым-катнаштарын жакшыртуу жана орток кызыкчылыктарды бекемдөө багытында ташталган кадамдардын келечекте дагы да оң натыйжаларга алып келерин белгилеген Жевдет Йылмаз: «Катар менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык аймактык ырааттуулукка жана экономикалык өнүгүүгө салым кошууну улантат. Эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерибизди бардык тармакта дагы да алдыга жылдырат»,-деди.



Тектеш кабарлар