ТРТ "12 punto" иш - чарасы

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси  ТРТ тарабынан 5 - жолу уюштурулган сценарий иштеп чыгуу жана биргелешкен өндүрүш платформасы «12 Punto» 16 - 23 - июль күндөрү кино көрүүчүлөр менен жолугушат.

2008701
ТРТ  "12 punto" иш  - чарасы

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси  ТРТ тарабынан 5 - жолу уюштурулган сценарий иштеп чыгуу жана биргелешкен өндүрүш платформасы «12 Punto» 16 - 23 - июль күндөрү кино көрүүчүлөр менен жолугушат.

Иш - чарага 22 өлкөдөн режиссерлор, продюсерлер жана кино тармагынын адистери катышат.

Иш  - чарага катыша турган өлкөлөрдүн арасында  Франция, Германия, Босния  Герцеговина, Катар, Италия, Испания, Швейцария, Швеция, Нидерландия,  Черногория, Румыния, Чехия, Хорватия, Словения, Сербия, Польша, Эстония, Иран, Канада, АКШ, Бразилия жана Түркия орун алды. 

12 Punto алкагында Оскар сыйлыгын алган режиссёрлор жана продюсерлор жана дүйнөлүк кино индустриясынын эң негизги  мекемелеринин жетекчилери менен мастер-класстар, панелдер жана презентациялар Стамбулдун Бешикташ районундагы  Ферие кинотеатрында өткөрүлөт жана бардык иш - чаралар баарына ачык жана акысыз.

Иш - чаралар ошондой эле 12 Punto социалдык медиа аккаунттарында түз эфирде көрсөтүлөт.

ТРТнын биргелешип чыгарган эл аралык сыйлыкка ээ болгон тасмаларынын көрсөтүлүшү менен катар бул тасмалардын режиссерлору жана продюсерлери менен маектер өткөрүлөт.

Узун метраждуу фильм категориясында эл аралык жюри тарабынан 12 финалисттин арасынан тандалган долбоорго "ТРТнын биргелешкен өндүрүш сыйлыгы", 3 долбоорго «ТРТнын алдын ала сатып алуу сыйлыгы» жана 6 долбоор «ТРТнын долбоорду өнүктүрүү сыйлыгы» берилет. 

«ТРТнын кыска метраждуу тасма тартуу сыйлыгын» алган долбоорлордун ээлери түрк киносунун алдыңкы режиссерлору жана сценаристтери менен бирге сценарийлерин иштеп чыга алышат.

Иш  -  чара тууралуу маалыматтарды   "www.trt12punto.com" сайтынан алууга болот.

 

 



Тектеш кабарлар