Президент Эрдоган Зеленский менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кара деңиз дан демилгесинин мөөнөтүнүн кайрадан узартылышын каалагандыгын айтты.

2008607
Президент Эрдоган Зеленский менен жолугушту
erdogan-zelenskiy1.jpg
zelenskiy-erdogan.jpg
erdogan.jpg

 Президент Режеп Таййип Эрдоган Кара деңиз дан демилгесинин мөөнөтүнүн кайрадан узартылышын каалагандыгын айтты.

Президент Эрдоган чакыруусу менен кечээ Стамбулга келген Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жекеме  - жеке жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар менен бирге Россия  -  Украина согушундагы акыркы абалдар жана  17 -  июлда акырына чыга турган Кара деңиз дан коридору келишими сыяктуу аймактык жана эл аралык темалар каралды.

Лидерлердин жекеме  - жеке жолугушуусу менен бирге  делегациялар аралык жолугушуулар да болду.

Жолугушуулардан кийин Түркия менен Украинанын ортосунда стратегиялык тармактарда  өз ара кызматташуу башта болгон учкучсуз учуучу аппараттар, кыймылдаткыч изилдөө -  өнүктүрүү, өндүрүш жана оңдоо иштеринде биргелешкен долбоорлордун колдоого алынышын максат кылган келишим түзүлдү.

Эрдоган жолугушуудан кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында Түркиянын кагылышуу коркунучу белгилүү боло баштагандан тарта Россия  -  Украина согушун алдын алуу үчүн бардык аракетти жасагандыгын  айтты.

Эрдоган согуштун эл аралык мыйзамдын негизинде сүйлөшүү жолу менен акырына чыгарылышы үчүн   эң көп аракет кылган өлкө Түркия экендигин белгиледи.

Өткөн жылы июль айында БУУ менен жүргүзүлгөн ортомчулук аракеттеринин натыйжасында Стамбулда кол коюлган Кара деңиз дан демилгесинин турмушка ашырылгандыгын эске салган Эрдоган : «Түрк кысыктарынан   бир жылда  33 миллион тоннага жакын данды муктаж ээлерине жеткирген демилгенин  17 -  июлда толо турган мөөнөтүнүн кайрадан уразтылышын каалаймын.  Тийиштүү бардык тараптардын бул максатта глобалдык жоопкерчилик менен аракет кыларына ишенем»,- деди.

«Эч шексиз Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу»,- деген Эрдоган : «Адилеттүү тынчтыкта утулгандар болбойт. Тараптардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүдөгү айырмачылыктарга карабастан, тынчтыкты түзүүгө мүмкүн болушунча тезирээк кайтып келүүнү каалайбыз",- деди.  

Украинанын кайрадан калыбына келтирүү үчүн бардык жардамды  беришерин белгилеген Эрдоган Украина менен тилектештик ичинде согуштун  сүйлөшүүлөрдүн негизинде акырына чыгышы үчүн аракет кылууну улантышарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар