Эрдоган келерки айда Россиянын президенти Путин менен жолугуша тургандыгын айтты

Байбурттагы массалык ачылыш аземинде билдирүү жасаган Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын глобалдык тең салмактуулуктарды бузганын, заводдордун бир нече ай бою жабылганын, өндүрүштүн көп жерде токтогондугун айтты.

2008732
Эрдоган келерки айда Россиянын президенти Путин менен жолугуша тургандыгын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган  келерки айда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугуша тургандыгын айтты.

Байбурттагы массалык ачылыш аземинде билдирүү жасаган Эрдоган жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын глобалдык тең салмактуулуктарды бузганын, заводдордун бир нече ай бою жабылганын, өндүрүштүн көп жерде токтогондугун айтты.

Өнүккөн өлкөлөрдө да ушундай эле көрүнүштөрдүн болгондугун айткан Эрдоган : "Биз бул процессти башка өлкөлөргө караганда оңой  - олтоң өткөрдүк. Эч бир жараныбызды   кароосуз калтырган жокпуз. Эпидемия бүттү десек Кара деңиздеги  коңшуларыбызда (Россия  -  Украина) согуш чыкты. 

Энергия жана азык  - түлүк баалары бүткүл дүйнөдө рекорддук деңгээлге жетти. Түркия катары Россия  менен Украинанын ортосундагы согушта да адилеттүү жана тең салмактуу позицияны кармандык. Согуш лоббисинин  өлкөбүздөгү оппозицияны да колдонуп, бизди согушка жетелешине уруксат берген жокпуз. Украина менен карым  - катнаштарыбызды бекемдеп, Россия Федерациясы менен карым  - катнаштарыбыздын бузулушуна уруксат берген жокпуз.  Кечээ Украинанын президенти Зеленскийди тосуп алдык.  Урматтуу Путин менен да  август айында жолугушабыз",- деди. 

Түркияны бир жарым жылдан бери  болуп келе жаткан согуштун таасирлеринен коргоого аракет кылгандарын белгилеген Эрдоган : "Бирок айланабызда болгон окуялардын түрк экономикасына таасири болду.  6 -  февралдагы (эпицентри Кахраманмараш болгон)  жер титирөөлөрдүн өлкөбүзгө алып келген чыгымы  104  миллиард доллар. Бул бардык кыйынчылыктардан да өтөбүз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар