Эрдоган Шри-Ланканын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
2006988
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Шри-Ланканын президенти Ранил Викрмесингхе менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Шри-Ланканын президенти Викремесингхе кайрадан президент болуп шайланган Эрдоганга куттуктоосун айтты.
Телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен Шри-Ланканын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 75 жылдыгы белгиленип жаткандыктан, өз ара карым-катнаштарды мындан ары өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.