Түркия Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучусу

Түркия Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюму КЭКУнун кезектешкен башкаруучулугун 6 айлыгына өткөрүп алды.

2005736
Түркия Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучусу

Түркия Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюму КЭКУнун кезектешкен башкаруучулугун 6 айлыгына өткөрүп алды.

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын КЭКУнун кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алгандыгына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Түркиянын КЭКУнун кезектешкен башкаруучулугун  6 айлыгына өткөрүп алгандыгына байланыштуу билдирүүдө 1992 -  жылы Стамбулда Түркиянын күчтүү демилгеси менен түзүлгөн жана Туруктуу эл аралык катчылыгы  да Стамбулдагы КЭКУнун   Кара деңиз аймагындагы  13 мүчө өлкө үчүн кенен масштабдуу  аймактык кызматташуу платформасы экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө : "Кара деңиз аймагында тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу жана достук,  жакшы коңшулук мамилелерин  илгерилетүүдөн турган уюмдун  максаттары  аймагыбыздагы кыйынчылыктардын алдында абдан чоң мааниге ээ.  КЭКУнун кезектешкен башкаруучулугунда өлкөбүздүн алдыңкылыгы, КЭКУнун куруучу  принцип жана максаттарынын алкагындагы кызматташуусун кайрадан ылдамдатуу үчүн мүчө өлкөлөр менен бирдикте керектүү кадамдардын ташталышы болот",- деп айтылды.  

Министрликтин Твиттердег билдирүүсүндө да : "Республикабыздын 100 -  жылында  Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алдык. Кара деңиз аймагында бүгүн дагы да маанилүү абалга келген тынчтык, туруктуулук жана бакубаттуулукка салым  кошо турган активдүү кезектешкен башкаруучулук үчүн даярбыз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар