Куртулмуш Санжрани менен сүйлөштү
Пакистан Сенатынын төрагасы Санжрани Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмушту жаңы кызматы менен куттуктады.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Пакистан Сенатынын төрагасы Мухаммед Садык Санжрани менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда, Пакистан Сенатынын төрагасы Санжрани Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмушту өткөн жумада дайындалган жаңы кызматынан улам куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Санжраниге ырахмат айткан Куртулмуш болсо Пакистан өкмөтүнүн жана элинин (6-февралда) Түркияда болгон жер титирөөдөн кийин көрсөткөн тилектештигин эске салды.
Эки өлкөнүн ортосундагы тилектештик, эзелки достук жана бир туугандыктын ар дайым эсте кала турганын белгилеген Куртулмуш, Грециянын жээгинде чөгүп кеткен кемеде көп сандаган пакистандык жарандын каза болушуна байланыштуу Пакистан элине көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөөрүн билдирди.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.