Түркиядан Украинадагы балдар ооруканасына жардам көрсөтүлдү

Түркия Украинанын Ривне шаарындагы Ривне облустук балдар ооруканасына медициналык аппараттар боюнча жардам көрсөттү.

1999206
Түркиядан Украинадагы балдар ооруканасына  жардам көрсөтүлдү

Түркия Украинанын Ривне шаарындагы Ривне облустук балдар ооруканасына медициналык аппараттар боюнча жардам көрсөттү.

Бейтап санында көбөйүү болгон  291 орундуу ооруканага Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКАдан медициналык каражаттар боюнча жардам берилди.

Ушунун негизинде оорукананын анестезиология жана реанимация бөлүмү үчүн 5 инфракызыл жылыткыч жана негизги операциялык бөлмөдө колдонула турган 4 көп параметрлүү бейтап мониторлору берилди.

Украинада бир жылдан ашуун убакыттан бери орус күчтөрү менен болуп жаткан согуштан улам өлкөнүн түрдүү аймактарынан араларында жетим балдар, аз кирешелүү үй  - бүлөлөр жана согуштан жабыр тарткан балдар болгон бир нече киши Ривне облустук балдар ооруканасында  дарыланууда.



Тектеш кабарлар