Президент Эрдоган Азербайжанда

Биринчи сапарын кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган Эрдогандын экинчи аялдамасы Азербайжан болду.

1998839
Президент Эрдоган Азербайжанда

 Президент Режеп Таййип Эрдоган кайрадан президент болуп шайлангандан кийин биринчи өлкө тышы сапарын улантууда.

Биринчи сапарын кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган Эрдогандын экинчи аялдамасы Азербайжан болду.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларын аяктагандан кийин Азербайжанга барды.

Азербайжанга жубайы Эмине Эрдоган менен барган Эрдоган президент Илхам Алиев жана жубайы Михрибан Алиева менен жолугушту.

Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын урматына борбор шаар Бакудагы Гүлустан сарайында кечки тамак берилди.

Бул жердеги иш-чарада көптөгөн артисттер сахнага чыгышты.

Эрдоган бүгүн Букудагы Азербайжан жана түрк шейиттигин зыярат кылгандан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларга катышат. Андан кийин Эрдоган менен Алиев биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.



Тектеш кабарлар