Эрдоган: «Түркия менен ТКТРы Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктарын толугу менен пайдаланат»

28-майдагы шайлоодон кийин биринчи чет өлкө сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган президент Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1998695
Эрдоган: «Түркия менен ТКТРы Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктарын толугу менен пайдаланат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктарын толугу менен пайдалана турганын билдирди.

28-майдагы шайлоодон кийин биринчи чет өлкө сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган президент Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Түрк тараптын Кипр маселесинде дайыма конструктивдүү жана натыйжага багытталган мамилени карманганын баса белгилеген Эрдоган:«Киприлик түрктөр эч качан азчылык болгон эмес жана болбойт. Бул фактыларды көрмөксөнгө салгандар (румдар) аралдын жалгыз башкаруучусу болуу кыялдарын улантышууда. Буга ишенгендерге фактылар менен бетме-бет келүүгө кеңеш берем. Дагы 50 жылды жоготууга эч ким чыдабайт. Сүйлөшүү үстөлүнө кайтуу керек болсо, мунун жалгыз жолу Түндүк Кипр Түрк Республикасын таануу менен болот»,-деп айтты.

Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кызыкчылыктарын коргоону уланта турганын баса белгилеген Эрдоган:«Кепил өлкө катары биз ар дайым диалогго артыкчылык берип келебиз. Аралдагы бир туугандарыбыздын тынчтыгы жана коопсуздугу биздин тынчтыгыбызды билдирет. Түндүк Кипр Түрк Республикасына салымыбызды улантабыз»,-деди.

Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жол картасынын (Греция менен карым-катнаш боюнча) тынчтыкта ​​экенин баса белгилеген Эрдоган:«Бул деңиздерде тынчтыктан башка жол жок. Тынчтыкка жолтоо болгусу келгендер болсо, башкача долбоорду ишке ашырууга туура келет. Биз жолубузда эч кандай тоскоолдуктарды каалабайбыз. Эгей деңизи тынчтык деңизи катары дүйнөгө кабарын жиберсин»,-деп өз баасын берди.

Эгемендиктин негизинде кызматташууга (румдар менен) даяр экендиктерин белгилеген ТКТР президенти Татар да:«Кипр түрк эли негизги мекени Түркия Республикасы менен ар дайым ынтымакта болот»,-деди.



Тектеш кабарлар