Хакан Фидан кызматын өткөрүп алды
Баш калаа Анкарада Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн тапшыруу аземинде Мевлүт Чавушоглунан Хакан Фидан кызматты өткөрүп алды.
Жума күнү дайындалган министрлер өз кызматтарын баштады...
Баш калаа Анкарада Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн тапшыруу аземинде Мевлүт Чавушоглунан Хакан Фидан кызматты өткөрүп алды.
Аземдеги сөзүндө мамлекетте ырааттуулуктун маанилүү экенине басым жасаган Чавушоглу: «Бирге жүрүү сыймык болгон президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде азыр биздин милдетибиз Түркия Кылымын куруу»,-деди.
Хакан Фидан жаңы мезгилге карата алгачкы тышкы саясат билдирүүсүн берип:«Мен мамлекетибиздин жана улутубуздун бүтүндүгү, коопсуздугу жана бакубаттуулугу үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Мен мамлекетибиздин бардык таасир тармагынан көз карандысыздыгына жана улутубуздун эркинин эгемендигине негизделген улуттук тышкы саясаттын көз карашын алдыга жылдырууну улантам»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Эл-Кебирди кабыл алды
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Стамбулдагы жолугушууга байланыштуу билдирүүнү бөлүштү.