Аккую атомдук электр станциясынын курулушу

Дөнмез Твиттердеги баракчасында Аккую АЭСинин курулушунун этап-этабы менен аяктап калганын белгиледи.

1994684
Аккую атомдук электр станциясынын курулушу

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Аккую атомдук электр станциясынын (NGS) биринчи энергия блогунун ички коргоо кабыгынын куполунун бетонунун куюлганын билдирди.

Дөнмез Твиттердеги баракчасынан, Аккую АЭСинин курулушунун этап-этабы менен аяктап калганын белгиледи.

Министр Дөнмез: «Биринчи блоктун ички коргоо кабыгынын куполунун бетону куюлуп бүттү. Реактор имаратын жапкан бул процесс менен дагы бир маанилүү кадам артта калды. Аккую АЭСи Түркия кылымынын жаңы муун энергиясы болот»,-деди.

Түркия менен Орусиянын ортосунда 2010-жылдын 12-майында кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдин алкагында Мерсиндин Гүлнар районунун Бүйүкэжели аймагында курулуп жаткан Аккую АЭСи Түркиянын ири инвестицияларынын арасында орун алган ар бири 1200 мегаватт кубаттуулуктагы 4 реактордон турат.



Тектеш кабарлар