Эрдогандын шайлоодогу ийгилиги дүйнөлүк медиада

Эрдоган расмий эмес жыйынтыктарга караганда кечээки шайлоодо добуштардын 52,14 пайызын алып кайрадан президент болду.

1992267
Эрдогандын шайлоодогу ийгилиги дүйнөлүк медиада

Президент Режеп Таййип Эрдогандын шайлоодогу ийгилиги дүйнөлүк маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды.

Британ телеканалы BBC Стамбул менен Анкарадагы жарандардын Эрдогандын шайлоодогу жеңишин Президенттик комплексте жана көчөлөрдө майрамдай башташганын жазды.

Жыйынтыктар чыккандан кийин Эрдогандын Стамбулда коомчулукка кайрылуу жасаганын эске салган The Guardian, Эрдогандын Түркияны дагы 5 жыл башкара турганын белгиледи.

Түркияда түн бир оокумга чейин өткөрүлгөн майрамдоолорду чагылдырган CNN, президент Эрдогандын балкондо сүйлөгөн сөзүнө болгон кызыгууга көңүлдөрдү бурду.

Америка Кошмо Штаттарынын алдыңкы гезиттеринин бири New York Times (NYT) шайлоого сайтында өзүнчө баракча арнады.

Wall Street Journal (WSJ) веб-сайтында болсо: «Өлкөнүн эң узак бийликте турган лидери экинчи турда негизги атаандашын жеңди» деп жазылды.

Германиянын коомдук телеканалдары ARD жана ZDF башкы кабарларында Түркиядагы шайлоонун жыйынтыгы биринчи кабар катары берилди.

Франциянын Le Monde гезити президент Эрдогандын кайрадан президент болуп шайланганын билдирди.

Италиянын Corriere della Sera гезити «Түркияда Эрдоган шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 52 пайызын алуу менен президенттигин ырастады» деген кабарында президент Эрдогандын шайлоодогу ийгилигин жарыялады.

Испаниянын La Vanguardia гезити шайлоо кабарын «Эрдоган дагы 5 жыл бийликте калат» деген баш сөз менен окурмандарына жеткирди.

Австриянын алдыңкы гезиттеринен Die Presse «Түркиядагы президенттик шайлоодо Эрдоган жеңди» деген макаласында расмий эмес жыйынтыктарды окурмандары менен бөлүштү.

Бельгиянын жогорку тираждуу гезиттеринин бири Le Soir жана De Morgen «Эрдоган жеңишин жарыялады» деген баш макала менен Эрдогандын шайлоодогу ийгилигин берди.

Швейцариядагы Tagesanzeiger гезити «Эрдоган жеңди» аттуу кабарында түрк элинин алдыбыздагы 5 жыл үчүн президентин тандаганын билдирди.

Орус гезити «Известия» «Эрдоган, президенттик шайлоодо демократиянын жеңгенин айтты» деген баш сөз менен Эрдогандын шайлоонун жеңүүчүсү болгонун жазды.

Ливанда да шайлоолор кызыгуу менен байкалып жатканда ан-Нахар гезити интернет сайтындагы кабарында, Эрдогандын шайлоо жеңишинен кийин Стамбулда өзүн куттуктаган элге айткан сөзүн окурмандарына жеткирди.

Палестинанын Аль-Кудс гезити шайлоо жыйынтыгын «Түркия Эрдоганга болгон ишенимин дагы бир жолу жаңыртты» деген баш сөз менен бөлүштү.

Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасын Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан кылдаттык менен байкап, Режеп Таййип Эрдогандын кайра шайлануусу бул өлкөлөрдүн басма сөзүндө кеңири чагылдырылды.

Ыраакы Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн медиа уюмдары да кабарларында бул ийгиликке кеңири орун беришти.

Жогорку шайлоо кеңеши тарабынан жарыяланган болжолдуу шайлоо жыйынтыгына караганда кечээки шайлоодо добуштардын 52,14 пайызын алып кайрадан президент болгон Эрдогандын шайлоодогу ийгилиги Алжир, Тунис, Иран, Ирак, Израиль, Ливия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Сауд Арабия жана Кувейт басма сөзүндө да кеңири чагылдырылды.



Тектеш кабарлар