TUSAŞ Малайзияга ANKA системасын экспорттойт

TUSAŞ, Лангкави эл аралык деңиз жана авиация жарманкесинде (LIMA 2023) жаңы экспорттук ийгиликке жетишти.

1990924
TUSAŞ Малайзияга ANKA системасын экспорттойт

Түрк авиация жана комос өнөр жайы (TUSAŞ) Малайзияга 3 даана ANKA системасын болжол менен 100 миллион долларга экспорттойт.

Түрк коргоо өнөр жай фирмасы TUSAŞ, Азия-Тынч океан аймагындагы эң чоң коргонуу жарманкелеринин бири болгон Лангкави эл аралык деңиз жана авиация жарманкесинде (LIMA 2023) жаңы экспорттук ийгиликке жетишти.

Малайзиянын Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында 3 ANKA системасы болжол менен 100 миллион долларга экспорттолот. Спутникти башкаруу мүмкүнчүлүгү бар ANKAларда Малайзиянын муктаждыктарына тиешелүү радарлар колдонулат. Тапшыруулардын 2 жылдын ичинде бүтөрү күтүлүүдө.

Келишим Фаза-1 деп аталса, Малайзиянын ANKA камсыздоосу Фаза-2, Фаза-3 катары уланат.



Тектеш кабарлар