Түркия Сирияда качкындар үчүн турак жай курууда

Президент Эрдоган Стамбул Конгресс борборунда өткөрүлгөн «Күчтүү өнөр жай, күчтүү Түркия, Стамбул жолугушуусунда» сөз сүйлөп, сириялык баш калкалоочулар темасына токтолду.

1990956
Түркия Сирияда качкындар үчүн турак жай курууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириянын түндүгүндө 1 миллион качкынды кабыл ала турган турак жай куруу иштеринин уланып жатканын айтты.

Президент Эрдоган Стамбул Конгресс борборунда өткөрүлгөн «Күчтүү өнөр жай, күчтүү Түркия, Стамбул жолугушуусунда» сөз сүйлөп, сириялык баш калкалоочулар темасына токтолду.

Түркиянын Сириянын түндүгүндө качкындар үчүн брикет үйлөрдү курганын белгилеген Эрдоган: «Биз муну мамлекет катары эле эмес, бейөкмөт уюмдар менен бирге жасадык. Мындан тышкары, Сирияда Катардын колдоосу менен 1 миллион качкынга ылайыкташкан үйлөрдү куруу иштери уланууда. Кечээ ички иштер министрим мунун пайдубалын түптөө аземин ишке киргизди»,-деп айтты.

Түркиядагы сириялыктардын бул жерлерге өз ыктыяры менен баруусунун инфраструктурасын түзгөндөрүн билдирген Эрдоган: «Буларды кууп, күч менен же куулук менен жөнөтүү эмес Германия, Франция жана Америка кандайча качкындарды өлкөлөрүнө чакырып жатса ушундай эле ишке ашыруунун башкача окшошун жасагыбыз келди жана муну жасап жатабыз. Анткени биз жасаган иш адамгерчиликтүү, абийирдүү, экинчи жагынан да Исламий өңүттө болушу керек деп эсептейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар