Чавушоглу: "Өтө албай калган кемелерибиз үчүн орус тарап өз милдетин аткарат"

Чавушоглу Антальядагы билдирүү жасады.

1988138
Чавушоглу: "Өтө албай калган кемелерибиз үчүн орус тарап өз милдетин аткарат"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кара деңиз дан коридору келишимине байланыштуу: «Алты кемебиз Керчь кысыгынан өтө албай калды. Мен (Орусиянын тышкы иштер министри Сергей) Лавровго телефон чалдым, алар Николаев жана Олвия портторунан чыга албай калган кемелерибиздин чыгышы үчүн өз милдеттерин аткара тургандыктарын айтышты»,- деди.

Чавушоглу Антальядагы билдирүүсүндө Кара деңиз дан коридору келишиминин мөөнөтүнүн 2 айга узартылганына токтолуп: «Алты кемебиз Керчь кысыгындагы кагылышуу жана миналардан улам өтө албай калды. Кечээ Сергей Лавровго телефон чалдым, Николаев жана Олвия портторундагы кемелерибиздин чыгышы үчүн орус тарап катары өз милдетин аткара турганын айтышты. Ушундай эле колдоону жана кызматташтыкты досубуз Украинадан да күтөбүз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар