Террoр менен күрөшүү, Шырнакта жандармериянын 3 кызматкери шейит болду

Бестлер Дерелер аймагында кечээ  баштатылган операцияда  3 террорист жок кылын

1987243
Террoр менен күрөшүү, Шырнакта жандармериянын 3 кызматкери шейит болду

Шырнактын Бестлер Дерелер аймагында кечээ  баштатылган операцияда  3 террорист жок кылынып, 3 жандармерия кызматкери шейит болуп, 1 коопсуздук кызматкери оор жаракат алды. 

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Шырнак аймактык жандармерия командирлиги жана  Шырнак облустук жандармерия командирлигине  караштуу  J-SİHA (куралдуу учкучсуз учуучу апараты), Атак чабуул тик учактары жана Аба күчтөрү командирлиги Жандармериянын атайын операцияларына (JÖH), жандармерияга колдоо көрсөттү. Бестлер Дерелер Аксүт элетинде J-SİHA (куралдуу учкучсуз учуучу апараты), командирлер жана коопсуздук кызматкерлери катышкан операцияда 1 террорист куралы менен жок кылынгандыгы эске салынды.

Улантылып жаткан операциянын негизинде бүгүн аянтты изилдөө учурунда үңкүрдө камалган бир группа террорист менен катуу  кагылышуунун болгондугу белгиленген маалыматта : "Чыккан куралдуу кагылышуунын натыйжасында дагы 2 террорист куралдары менен бирге жок кылынды. Операцияда жалпы 3 террорист жок кылынды",- деп айтылды. 

Билдирүүдө, операцияда 3 жандармериянын шейит болгондугу, 1 коопсуздук кызматкеринин оор жаракат алганы белгиленип, шейиттерге Аллахтан ырайым, жакындарына көңүл айтылып, жаракат алган кызматкерлердин тез сакайып кетиши кааланды.

 



Тектеш кабарлар