Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн 73 өлкөдө үкөктөр орнотулат

Тышкы иштер министрлигинин расмий Твиттер баракчасындагы билдирүүдө, шайлоонун экинчи туру үчүн чет өлкөдө түзүлө турган үкөктөрдүн маалыматы бөлүшүлдү.

1987223
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн 73 өлкөдө үкөктөр орнотулат

28-майда боло турган президенттик шайлоонун 2-тур добуш берүүлөрү үчүн 73 өлкөдөгү өкүлчүлүктөр тарабынан үкөктөр орнотулат.

Тышкы иштер министрлигинин расмий Твиттер баракчасындагы билдирүүдө, шайлоонун экинчи туру үчүн чет өлкөдө түзүлө турган үкөктөрдүн маалыматы бөлүшүлдү.

Билдирүүдө 20-майдан тарта 73 өлкөдө Түркиянын 151 өкүлчүлүгү тарабынан 167 пунктка үкөктөрдүн орнотула турганы, бажы бекеттериндеги добуш берүүнүн болсо 20-28-май күндөрү ишке ашары белгиленди.

Чет өлкөдө жашаган жарандар добуш берүү процессинин күнүн, убактысын жана дарегин Жогорку Шайлоо Кеңешинин “ysk.gov.tr” сайтынан биле алышат.

Шайлоочулар көп катталган өлкөлөрдө добуш берүү процесси 5 күнгө созулат.

Ошол эле учурда Жогорку Шайлоо Кеңеши АКШ, Канада, Австралия, Ирландия жана Англияда добуш берүү мөөнөтүнүн узартылышына, бул өлкөлөрдө 20-24-майда добуш берилишине чечим чыгарды.

Бажы бекеттеринде да 28-май саат 17.00гө чейин добуш берсе болот. 



Тектеш кабарлар