Түркияда шайлоого катышуу деңгээли Европага караганда жогору

14-майда өткөн президенттик жана парламенттик шайлоого шайлоочулардын 90 пайызга жакыны катышты.

1986687
Түркияда шайлоого катышуу деңгээли Европага караганда жогору

Түркия саясий эркин, жогорку катышуу көрсөткүчү менен үкөккө чагылдырды.

Демократиялардын иштешин аныктаган алдыңкы динамикалардын бири болгон шайлоого катышуу деңгээли Түркияда өссө, Европада азаюуда.

14-майда өткөрүлгөн президенттик жана парламенттик шайлоого шайлоочулардын 90 пайызга жакыны катышты.

Европадагы шайлоочулардын орточо катышуу көрсөткүчү болсо 65 пайыздын тегерегинде.

Италияда 2022-жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн жалпы шайлоого катышуу көрсөткүчү тарыхтын эң төмөнкү деңгээлине түшүп 63 пайызды түздү.

Франция 2022-жылдын июнь айында парламенттик шайлоого барды.

48 миллиондон ашуун шайлоочусу бар өлкөдө биринчи турда добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү эң төмөнкү деңгээлге түшүп, 48 пайыздын тегерегинде болду.

Германияда 2021-жылдын 26-сентябрындагы шайлоого катышуу 76 пайыз деп катталды.

Болгарияда апрель айында өткөн жалпы шайлоого катышуу 40 пайыздын тегерегинде болду.

Португалияда 2022-жылдын январь айындагы мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоодо добуш берүү көрсөткүчү 57 пайызды түзсө, Нидерландияда 2022-жылдын март айында өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоолорго катышуу 50, 5 пайыз менен күтүлгөндөн төмөн болду.



Тектеш кабарлар