Парламенттеги депутаттардын саны

Улуттук Парламентте Элдик альянстан 322 депутат жеңди.

1986412
Парламенттеги депутаттардын саны

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда 14-майдагы шайлоодо Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (TBMM) көпчүлүктү Элдик альянс түздү.

Шайлоочулардын 49,46 пайызы Элдик альянска добуш берди.

Ушундайча Улуттук Парламентте Элдик альянстан 322 депутат жеңди.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясы (АК партия) 267, Улуттук кыймыл партиясы (MHP) 50, Кайрадан жыргалчылык партиясы (YRP) да 5 депутат менен жаңы мезгилде Түркия Улуу Улуттук Жыйынында орун алат.

35,02 пайыздык добуш алган Улуттук альянстын (Millet) парламенттеги орундарынын саны болсо 213 болду.

Республикалык Элдик партия (CHP) 169, Жакшы партия (İYİ Parti) 44 депутат менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынында орун алат.

Шайлоого Улуттук кыймыл партиясынан (MHP) кирген Саадет партиясы 10, Дева партиясы 13, Келечек партиясы 10, Демократиялык партия болсо 3 депутатты шайлады.

Жашыл солчулдар партиясы (YSP) 61, Түркия жумушчу партиясы (TİP) 4 депутатын парламентке жөнөтөт.



Тектеш кабарлар