Акар: «Түркиянын 3 континентте таасир чөйрөсү бар»
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кайсериде соодагерлер менен жолугушту.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын 3 континентте таасир чөйрөсү бар экенин билдирип: «Ошентип, биз Европада, Азияда, Африкада абдан олуттуу таасирлерге ээбиз, биздин абдан олуттуу катышуубуз бар», - деди.
Хулуси Акар Кайсериде соодагерлер менен жолугушту.
Акар бардык тармакта иштер уланып жаткандыктан, террор менен күрөшүү чоң чечкиндүүлүк менен уланып жатканын белгиледи.
Улуу жана күчтүү Түркия урааны менен күнү-түнү иштегендерин баса белгилеген Акар: «Түркия азыр сөзү угулган өлкөгө айланды. Биз аймактагы жана дүйнөдөгү тынчтык жана ырааттуулукка салым кошуу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасадык жана жасап жатабыз»,-деди.
Азербайжанда, Кипрде, Ливияда, Сомалиде, Косоводо, Боснияда, Орто Азияда эзилгендер жана жапа чеккендер болгон бардык өлкөлөрдө Түркиядан үмүт күткөн, колдоо күткөн эч кимди куру кол жөнөтпөй, колдорунда эмне болсо, колдон келишинче бөлүшкөндөрүн белгилеген Акар: «Бул жерде жасаган иш-аракеттерибиздин натыйжасында Түркия азыр 3 континентте таасирдүү аймакка ээ. Башкача айтканда, Европа, Азия жана Африкада абдан олуттуу таасирибиз бар, биздин абдан олуттуу катышыбыз бар. Ал жерде досторубуз, шериктештерибиз жана боордошторубуз менен сүйлөшүп, жолугуштук. Иш-аракеттерибизди улантып жатабыз»,-деп айтты.
Министр Акар: «Биздин ишибиз өлкөбүздүн коопсуздугу, өлкөбүздүн жана улутубуздун укуктары жана кызыкчылыктарын коргоо, колдоо жана тебелетпөө. Биздин ишибиз - дос жана боордош өлкөлөрдүн, өзгөчө Азербайжан менен Кипрдин адилеттүү ишинде алардын жанында болуу»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.