Чет өлкөдө добуш берүү процесси уланууда

Түрк жарандары 14-майда боло турган шайлоолор үчүн добуш берүүдө.

1981917
Чет өлкөдө добуш берүү процесси уланууда

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын 797 миң 841и 14-майда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолор үчүн добуш берди.

Жогорку шайлоо кеңешинен (YSK) алынган маалыматка караганда, Түркия убактысы боюнча саат 18.30га карата чет өлкөдөгү шайлоочулардын 737 миң 439у чет элдик өкүлчүлүктөрдө, 60 миң 402си бажы бекеттеринде болуп жалпы 797 миң 841и өз добушун берди.

Ошол эле учурда Польша, Румыния жана Израилде чет өлкөдөгү шайлоо тизмелерине катталган шайлоочулар Түркияда 14-майда боло турган Президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоонун алкагында добуштарын бере башташты. Шайлоочулар 7-май күнү кечке чейин добуш бере алышат.



Тектеш кабарлар