Эрдоган соцтармактан жаштарга кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган жашыл энергия технологиясын алып келишкендерин белгиледи.

1980607
Эрдоган соцтармактан жаштарга кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Аккую атомдук станциясына алгачкы өзөктүк отундун алып келингенин айтып, өнүккөн өлкөлөр көп жылдардан бери колдонуп келген жашыл энергия технологиясын алып келишкендерин белгиледи.

Эрдоган социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө жаштарга кайрылып, Түркиянын 60 жылдык кыялын ишке ашыруу менен сыймыктанышкандарын, Аккую атомдук станциясына өзөктүк отун алып келгендерин айтты.

Ушундайча станциянын  «өзөктүк объект» сыпатына ээ болгонуна көңүл бурган Эрдоган : «Аккую АЭСи толук кубаттуулукта иштегенде,  жыл сайын 35 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп, өлкөбүздүн электр энергиясы керектөөсүнүн 10 пайызын камсыздайт, ошондой эле өзөктүк энергетика тармагындагы квалификациялуу адам ресурсубузду жогорулатууга чоң салым кошот.

Атомдук  электр станциябыздын  пайдасын көрөсүңөр деп ишенем. Көзүбүздүн карегисиң, үмүтүбүзсүң. Биз сиздерге ишенебиз, жаркын келечегибиздин архитекторлору катары көрөбүз. Түрк кылымын курганга чейин сиздер үчүн иштөөнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар