Аккую атомдук станциясы үчүн бүгүн тарыхый күн

Электр станциясы толук кубаттуулукта ишке киргизилгенде жылына болжол менен 35 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыга алат.

1979978
Аккую атомдук станциясы үчүн бүгүн тарыхый күн

Мерсиндеги Аккую атомдук станциясы (NGS) үчүн бүгүн тарыхый күн.

Энергия өндүрүүдө колдонула турган «жаңы атомдук отун» станцияга алынып келинет.

Ушундайча Түркиянын жалпы электр муктаждыгынын 10 пайызын камсыздай турган станция, ишке аша турган күйүүчү май жүктөө менен расмий түрдө атомдук объект статусуна ээ болот.

Андан кийин өндүрүш үчүн сыноо баскычына өтөт.

Станция толук кубаттуулукта ишке киргизилгенде жылына болжол менен 35 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыга алат.

Станциянын улуттук экономикага кошкон салымы да 50 миллиард долларды түзөт.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путин Аккую атомдук станциясынын ачылыш аземине видеоконференция аркылуу катышат.

Түркия менен Орусиянын ортосунда 2010-жылдын 12-майында кол коюлган келишимдин алкагында Мерсинде курулуп жаткан Аккую атомдук станциясынын биринчи агрегатынын пайдубалы 2018-жылдын 3-апрелинде түптөлгөн.



Тектеш кабарлар