Ибрахим Калын SETAга маалымат берди

Калын борбор шаар Анкарада Саясий, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр фонду SETAда Түрк тышкы саясатынын кылымы конференциясында сөз сүйлөдү.

1979792
Ибрахим Калын SETAга маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган эртең Орусиянын президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт.

Бул тууралуу Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын билдирди.

Ибрахим Калын борбор шаар Анкарада Саясий, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр фонду SETAда Түрк тышкы саясатынын кылымы конференциясында сөз сүйлөдү.

Мерсиндеги Аккую атомдук станциясынын май куюу аземи болоорун белгилеген Калын: «Ошол аземдин алдында президентибиз Путин мырза менен телефон аркылуу сүйлөшөт»,- деди.

Калын сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар, энергетика тармагындагы кызматташтык жана аймактык темалардын карала турганын маалымдады.

Орусия-Украина согушуна байланыштуу Батыш өлкөлөрүнө кайрылуу жасаган Калын: «Келгиле, Украина менен болгон согушту токтотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү мобилизациялайлы. Бул согуштун узартылышы, кеңейиши жана тереңдеши глобалдык апаатка гана алып келет»,-деп айтты.

Түркиянын укуктарын жана кызыкчылыктарын бутага алган демилгелерге уруксат берилбегенин баса белгилеген Калын: «Террор уюму ПКК/ПЙД/ЙПГ жана анын уландылары кайда жүрбөсүн, кандай желектин астына жашынышпасын биз үчүн ачык жана мыйзамдуу бута. Биз да өз чалгындоо, аскердик жана саясий кызматтарыбыздын алкагында баа беребиз жана бул буталарды жок кылабыз»,-деди.

Москвада Түркия, Орусия, Сирия жана Ирандын коргоо министрлери катышкан төрт тараптуу жыйынга да токтолгон Ибрахим Калын, сүйлөшүүлөрдүн эч кандай шартсыз улантылышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар