Израиль полициясы камакка алган түрк жараны бошотулду

Израиль полициясынын Мутлуга  бир жума Месжид  -  и Аксага кирүүсүнө тыюу салгандыгы билдирилди.

1979381
Израиль полициясы  камакка алган  түрк жараны бошотулду

Израиль полициясы бүгүн эрте менен Месид  - и Аксада камакка алынган түрк жараны Өзгежан Мутлу бир жума Месид - и Аксага кирүүсүнө тыюу салынуу менен бошотулду. 

Түркиянын Кудс башкы консулдугу фанатеврей отурукташуучулар рейд жүргүзгөн учурда Месжид  -  и Аксада болгон Мутлунун бошотулгандыгын жана консулдуктун кызматкери тарабынан өткөрүлүп алынгандыгын билдирди.

Израиль полициясынын Мутлуга  бир жума Месжид  -  и Аксага кирүүсүнө тыюу салгандыгы билдирилди. 

Израиль полициясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүндө, Мутлунун «Аксага ылайык мамиле кылбаганы жана аймакта иштеген полиция кызматкерлерине кыйынчылык жараткандыгы» айтылды.

Билдирүүдө Мутлунун полициянын өз милдетин аткаруусуна тоскоол болгону жана алардын көрсөтмөлөрүнө баш ийбегени, ошондуктан камакка алынгандыгы ортого салынды.

 

 



Тектеш кабарлар