Израиль полициясы бир түрк жаранын камакка алды

Израиль полициясы фанат еврей отурукташуучулардын рейди учурунда  Месжид  -  и Аксадагы түрк жараны Өзгежан Мутлуну камакка алды.

1979229
Израиль полициясы бир түрк жаранын камакка алды

Израиль полициясы фанат еврей отурукташуучулардын рейди учурунда  Месжид  -  и Аксадагы түрк жараны Өзгежан Мутлуну камакка алды. 

Фанат еврей отурукташуучулар эрте менен окупациядагы Чыгыш Кудста  рейд жүргүздү.

Израиль полициясы фанат еврейлерди топ түрүндө Аксага киргизди.

Досторунун айтымында, Өзгежан Мутлу фанат еврей отурукташуучулардын рейди   учурунда Аксадагы Рахмет мечитинин жанында Куран окуп жаткан.

Израиль полициясы Мутлуну ал жерден алыстатуу үчүн түрк аялдын сумкасын алган. Полиция колундагы сумка менен Аксанын Эсбат каалгасына көздөй басып Мутлуну тышка чыгарууга аракет кылган.

Бир канча убакыт сумканын артынан барган Мутлу Аксанын ичине кирүүгө аракет кылган жана полиция тарабынан камакка алынып Акса тышына чыгарылды. 

Израиль полиция катчылыгы окуя туралуу суроолорго азырынча жоп бере элек.

 

 



Тектеш кабарлар