Чавушоглу : "Судандан 1490 кишини автбустар менен жолго чыгардык"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосундагы кагылышуулардан улам өлкөдөгү 1380 түрк жараны жана 13 өлкөдөн 110 киши эвакуациялануу үчүн автобустар менен жолго чыккандыгын айтты.

1979167
Чавушоглу : "Судандан 1490 кишини автбустар менен жолго чыгардык"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосундагы кагылышуулардан улам өлкөдөгү 1380 түрк жараны жана 13 өлкөдөн 110 киши эвакуациялануу үчүн автобустар менен жолго чыккандыгын билдирди.

Чавушоглу бийликте ким болсо болсунТүркиянын ар дайым Судан менен жакшы мамиледе болгондугун жана өлкөдө кагылышуулар башталары менен президент Режеп Таййип Эрдогандын Судан Эгемендик кеңешинин төрагасы жана армиянын командири, армиянын генералы Абдулфеттах ел- Бурхан жана Судан Эгемендүүлүк кеңешинин төрага орун басары, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командири Мухаммед Хамдан Дагалу менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн, Түркиянын ок атышпоо туралуу каалоосун билдиргенин айтты.

Суданда бир нече жолу ок атышпоо чечимине карабастан кагылышулардын уланып жаткандыгын жана шаардын ичинде көчө кагылышууларына айлангандыгын белгилеген Чавушоглу Хартумдагы кагылышууларда «адашкан октун» Түркиянын Хартум элчилигинин терезесине тийгендигин, Хартумдагы Юнус Эмре институтунун имаратына бир ракетанын атылгандыгын бирок чоң чыгымдын болбогондугун билдирди.

Министр Чавушоглу Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосундагы кагылышууларда түрк жараны Кубилай Дакүктүн 2 жаштагы кызы Элиндин каза болгондугун эске салды.

Рамазан майрамынан улам Суданда ок атышпоодон улам өлкөдөгү түрк жарандарынын эвакуациясынын башталгандыгын белгилеген Чавушоглу эвакуация үчүн аба, деңиз жана кургактык, башка альтернативдер боюнча иштеп жаткандарын жана Эфиопия аркылуу ишке ашыруунун ыңгайлуу болорун ойлошкондорун айтты.

Чавушоглу Судандагы түрк жарандарынын эвакуацияларына байланыштуу баа берүүсүн төмөнкүчө улантты : «1490 кишини автобустар менен жолго чыгардык. Булардын 640кы Эфиопияга барды. Булардын 189зу чек арадан өттү. Аддис Абабага карай бара жатат. Учак пландарыбызды түзүп жатабыз. Азырк учурда850 киш жолдо. Эртең калган жарандарыбыз бар болсо автобус менен жолго чыгат. Бир тараптан Порт оф Суданданда23 жараныбызбизге кайрылышты. Алар менен кечээтен бери телефон аркылуу байланышып жатабыз. Эртең кечинде 9да Жидда тарабынан келе турган бир кемеге түшүрөбүз. Жиддадан аларды да учактар менен чыгарабыз. Бүгүн Эфиопиянын тышкы иштер министрименен чек арадан өтүүлөрдү жеңилдетүү үчүн сүйлөштүм».



Тектеш кабарлар