Өлкөнүн бардык жеринде 23-Апрель белгиленип жатат

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) ачылышынын 103 жылдыгында 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамынан улам аземдер өткөрүлүүдө.

1978222
Өлкөнүн бардык жеринде 23-Апрель белгиленип жатат
sentop 23 nisan.jpg

Өлкөнүн бардык жеринде 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамы белгиленип жатат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) ачылышынын 103 жылдыгында 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамынан улам аземдер өткөрүлүүдө.

Борбор калаа Анкарадагы аземдердин биринчи дареги Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жайы болгон Аныткабир болду.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп жетектеген мамлекеттик протокол Ататүрктүн руханий элесинин алдына келди.

Аземге президенттин орун басары Фуат Октай, Жумурият элдик партиясынын (CHP) төрагасы Кемал Кылычдароглу, министрлер жана депутаттар да катышты.

Парламенттин төрагасы Ататүрктүн мавзолейине кызыл жана ак гвоздикалардан турган гүлчамбар койду. Бир мүнөттүк унчукпай туруу менен таазим кылынып, Мамлекеттик гимн аткарылды.

Андан соң Мустафа Шентоп «Аныткабир» жеке китебине кол койду.

Мустафа Шентоп, китепке,«Куткаруучу, негиздөөчү жана гази наамдарына ээ болгон улуу Ататүрк, Түркия Улуу Улуттук Жыйыны улутубуздун бийлигин эң оболу улут жана мекен түшүнүгү, демократия жана республика түзүмү менен чечкиндүү түрдө улантат, эч ким мындан кичине дагы күмөн санабасын»,-деп жазды.

Буга чейин Улуттук билим берүү министри Махмут Өзер 81 облустан келген балдар менен Ататүрктүн жаркын элесинин алдына барган. Өзер Ататүктүн күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Аныткабир атайын китебине кол койгон Улуттук билим берүү министри да китепке:«Улуттук билим берүү министри катары биз жаңы муунду билим менен даңазалоо идеалындабыз. Биздин балдарыбыз терең тамырлуу өткөн тарыхыбызды илим, маданият, искусство, спорт жана технология менен айкалыштырып бул кооз мекенди сиз көрсөткөн заманбап цивилизациялардын деңгээлинен жогору көтөрүшөт»,-деп жазган.

Расмий аземдерден кийин Аныткабирдин эшиктери зыяратчыларга ачылды.



Тектеш кабарлар