Эрдоган: «Түркиянын байлыгын улуттун ар бир мүчөсүнүн күнүмдүк жашоосуна чагылдырабыз»

Президент Эрдоган Сакариядагы Акязы Режеп Таййип Эрдоган спорт комплексинин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1978341
Эрдоган: «Түркиянын байлыгын улуттун ар бир мүчөсүнүн күнүмдүк жашоосуна чагылдырабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын байлыгын улуттун ар бир мүчөсүнүн күнүмдүк жашоосуна чагылдырууну уланта тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Сакариядагы Акязы Режеп Таййип Эрдоган спорт комплексинин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Улуттук күрөштүн эң маанилүү этаптарынын бири болгон Улуу Улуттук Жыйыныбыздын ачылган күнү болгон 23-апрелдин 103 жылдыгына жеттик. Элибиздин Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнү менен куттуктайм»,-деди.

Кара деңиз газынын кубанычын бүткүл улут менен бөлүшүү үчүн бул мүмкүнчүлүктү бардык жарандарга бир ай, бир жыл бою камсыздай тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Түркиянын байлыктарын улутубуздун ар бир мүчөсүнүн күнүмдүк жашоосуна чагылдыруу чечкиндүүлүгүбүздүн дагы бир белгиси катары эми Үй-бүлө жана жаштар банкын куруп жатабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган : «Норвегия жаратылыш газы менен мунайынын 25 пайыз сыяктуу белгилүү бир пайызын резерв катары колдонуп, жаштарына бөлөт. Биз да өлкөбүздө дал ошондой кылабыз деген үмүттөмүн»,-деди.

Президент Эрдоган инфляцияны бир орундуу санга биротоло түшүрө турган кадамдарды таштоону улантышарын да белгиледи.

Оорукана шаарчаларын ачууну уланта тургандарын билдирген президент Эрдоган: «(Оорукана шаарчалары) Эми алдыда Измир бар, Измирди ачабыз, башкача айтканда, 20 облуста бул ооруканалар уланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар