TCG Анадолу зыяратчыларын тосуп алууда
TCG Анадолу кемеси 24-апрелде Босфор кысыгынан өтөт.
Деңиз күчтөрүнүн командири, адмирал Эржүмент Татлыоглу 10-апрелде ишке кирген Түркиянын эң чоң аскердик кемеси TCG Анадолуга барып моряктар менен жолугушту.
Улутутк коргоо министрлигинин соцтармактан берилген маалыматында : «Мына биздин сыймыгыбыз жана баатырларыбыз. Деңиз күчтөрү командири, адмирал Эржүмент Татлыоглу жакында ишке берилген жана бүгүн жарандарыбыздын зыяратына ачылган TCG Анадолуда моряктарыбыз менен жолугушту" ,- деп билдирилди.
Ошол эле учурда ТCG Анадолу якорь таштаган Стамбул Сарайбурну портунда зыяратчыларын тосуп алды.
Ичинде дүйнөнүн алгачкы куралдуу учкучсуз учуучу аппараты да орун алган кемени кыдыруу үчүн порттун кире беришинде күткөн көп сандаган жаран кезекке турушту.
Кеменин аскер кызматкерлери тарабынан кабыл алынган жарандар бул күндү түбөлүк сактап калуу үчүн эстелик сүрөткө түшүштү.
Кемеге 18-23-апрель күндөрү саат 10:00 менен 18:00гө чейин барууга болот.
TCG Анадолу кемеси 24-апрелде Босфор кысыгынан өтөт.