Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Батыш Фракияга барды

Мустафа Шентоптун Батыш Фракия сапарынын негизинде биринчи аялдамасы Гүмүжине болду.

1975214
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп  Батыш Фракияга  барды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Батыш Фракияга жасаган сапарынын негизинде Гүмүлжине жана Скопияга барды.

Мустафа Шентоптун Батыш Фракия сапарынын негизинде биринчи аялдамасы Гүмүжине болду.

Шентоп Кахвечи көрүстөнүндөгү Достук, теңдик тынчтык партиясынын негиздөөчүсү Садык Ахметтин күмбөзүн зыярат кылды.

Шентоп бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Садык Ахметтин укуктук жана саясий күрөшүн баса белгиледи.

Мустафа Шентоп  : «Доктор Садык Ахмет Батыш Фракиядагы түрк боордошторубуздун  теңдик жана демократия күрөшүнүн символу. Өмүрүн буга арнаган»,- деди.

Шентоп жана аны коштогон делегация андан кийин Ксанти Коюнкөйдөгү ифтар программасына катышты.

Батыш Фракия Түрк Азчылык Кеңешинин Төрагасы жана Гүмүлжиненин шайланган муфтийи Ибрахим Шерифти кабинетинде зыярат кылды.

Түркия менен Грециянын арасындагы карым  - катнаштарга токтолгон Шентоп 6-февралда Кахраманмарашта  болгон жер титирөөдө Түркияга көрсөткөн колдоосу үчүн Грецияга жана грек элине ыраазычылык билдирди.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Грециянын Батыш Фракиядагы мусулман түрк азчылыгынын укуктарын Европа Биримдигине мүчө бир өлкөгө жараша тургандай түрдө бериши керектигин баса белгиледи.

Мустафа Шентоп Искече (Ксанти) түрк биримдигинде уюштурулган ооз бекитүү программасына да катышты. Шентоп бул жерде сүйлөгөн сөзүндө  Түркиянын бардык кыйынчылыктарга карабастан биримдиктин атын колдонуу күрөшүнүн артында турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар