Стамбул аэропортун жылдын алгачкы үч айында 16,4 миллион жүргүнчү колдонду
Кадри Самсунлу, 2023-жылдын биринчи үч айында аэропортту колдонгон жүргүнчүлөрдүн санын социалдык медиа эсебинде бөлүштү.
Стамбул аэропортун жылдын алгачкы үч айында 16 миллион 403 миң жүргүнчү колдонду.
Стамбул аэропортунун оператору ИГАнын башкы жетекчиси (CEO) Кадри Самсунлу, өткөн жылга салыштырмалуу 2023-жылдын биринчи үч айында аэропортту колдонгон жүргүнчүлөрдүн санын социалдык медиа эсебинде бөлүштү.
Буга ылайык өткөн жылдын алгачкы үч айында 11 миллион 371 миң жүргүнчүнү тейлеген Стамбул аэропорту, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 16 миллион 403 миң жүргүнчү санына жетти.
Көрсөткүчкө караганда январь айында 3 миллион 466 миң, февраль айында 3 миллион 549 миң жана март айында 4 миллион 355 миң жүргүнчү колдонгон Стамбул аэропорту, быйыл январь айында 63 пайыздык өсүү менен 5 миллион 637 миң, февраль айында 42 пайыздык өсүү менен 5 миллион 24 миң жана март айында 32 пайыздык өсүү менен 5 миллион 742 миң жүргүнчүнү кабыл алды.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.