Орусиялык миллиардер Абрамовичтин яхтасы Мармаристе

Яхта портто жарандар менен чет элдик туристтердин көңүлүн бурду.

1972547
Орусиялык миллиардер Абрамовичтин яхтасы Мармаристе

Орусиялык ишкер Роман Абрамовичтин «My Solaris» аттуу яхтасы Мугладагы Мармарис портуна токтоду.

Жай мезгилинде Мугланын жээктеринде болгон Абрамовичтин Бермуд аралдары желектүү яхтасы Мармарис круиз портунун чоң пристанына барды.

Эки күндөн кийин порттон кете турган яхтага Измир Алиагадан танкерлер менен алынып келинген 700 миң литр күйүүчү май куюлду.

Май куюу үчүн болжол менен 15 миллион лира төлөнөрү белгиленди.

Узундугу 139 метр, туурасы 26 метр болгон, тик учак конуучу аянтчасы жана бассейни да бар яхта портто жарандар менен чет элдик туристтердин көңүлүн бурду.



Тектеш кабарлар