Эрдоган:«Кара деңиз газынын отун 20-апрелде Фильосто жагабыз»

Президент Эрдоган кээ бир катар телеканалдардын биргелешкен түз эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1970663
Эрдоган:«Кара деңиз газынын отун 20-апрелде Фильосто жагабыз»

Президент Режеп Тайып Эрдоган:«Кара деңиз газынын отун 20-апрелде Фильосто жагабыз»,-деди.

Президент Эрдоган кээ бир катар телеканалдардын биргелешкен түз эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Энергетикада жаңы жакшы кабар болобу?» деген суроо боюнча Эрдоган: «Кара деңиз газыбыз 20-апрелде ишке кирет. 20-апрелде Фильосто Кара деңиз газынын отун жагабыз, андан кийин Түркия ички газын колдоно баштайт. Көп жылдар бою биз иштеп жаткан энергетикалык көз карандысыздыгыбыздын оту ошол күнү Кара деңизден башталып, толкундай болуп бүт өлкөгө тарайт»,-деп жооп берди.

Президент Эрдоган Израиль күчтөрүнүн Масжид-и Аксага кол салууларын да айыптады.

Рамазан айында жасалган кол салуунун кабыл алынбай турганын белгилеген Эрдоган: «Биз муну Тышкы иштер министрлиги менен бирге айыптап, наалат айттык. Мен да өз сөздөрүмдө муну айыптайм. Мындай адамкерчиликсиз кийлигишүүгө эч кандай коопсуздук маселеси себеп боло албайт. Аль-Акса мечитинин тарыхый абалына жана руханиятына, палестиналыктардын ишеним жана жашоо эркиндигине кийлигишүүлөр жана коркутуулар эч шексиз токтотулушу керек.

Израиль чыңалууну күчөтө турган жана абалды курчута турган кадамдардан сөзсүз түрдө баш тартышы керек. Бизде өзгөчө синагогаларга ушундай чабуул болобу? Бизде жөөт храмдарына кол салуу барбы? Анткени биз алардын ыйык жери деп эсептейбиз. Биз бардык шартта палестиналык боордошторубуздун жанында болуп, ыйыктарыбызды коргоону улантабыз. Муну Израиль билиши керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар