Стамбулдагы Чамлыжа мунарасына туристтердин кызыгуусу

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу жазуу түрүндө маалымат берди.

1966948
Стамбулдагы Чамлыжа мунарасына туристтердин кызыгуусу

Стамбулдун тартуучу борборуна айланган Чамлыжа мунарасы ачылгандан бери 1 миллиондон ашуун туристти кабыл алды.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан 2021-жылдын 29-майында ачылган Чамлыжа мунарасы 2021-жылдын 1-июнунан тарта зыяратчыларды кабыл ала баштаганын айтты.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын таасирине карабастан мунаранын туристтердин көңүлүн бурганын билдирген Караисмаиоглу: «Ачылган күндөн бери кабыл алынган туристердин саны 1 миллион 36 миң 586га жетти. Дүйнөнүн эң кооз шаарларынын бири болгон Стамбулду бийиктиктен 360 градустук бурчтан көрүү туристтердин эсинде унутулгус көз ирмемдерди калтырат»,-деп баа берди.

Чамлыжа мунарасынын шаардын экономикасы менен туризмине да салым кошконун жана тартуучу борборго айланганын баса белгилеген Караисмаилоглу: «Узундугу 369 метр, деңиз деңгээлинен 587 метр бийиктикте болгон жана бул өзгөчөлүгү менен Европанын эң бийик мунарасы болгон Чамлыжа мунарасына дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген чет элдик туристтер да чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Мындан тышкары 100 радио каналы бири-биринин күчүн жана жыштыгын үзгүлтүккө учуратпай эфирге чыгарса, 17 телеканал бир өткөргүчтөн жогорку сапатта эфирге чыга алат. Чамлыжа мунарасы визуалдык жана электромагниттик булганууга себеп болгон 33 эски антеннанын алынып салынышы менен Стамбулдун силуэтине чоң салым кошту»,-деди.



Тектеш кабарлар