Грециядан 250 тонна жардам келди

Жардам материалдарын ташыган 67 фура «Ипсала» чек ара капкасынан Түркияга кирди.

1962746
Грециядан 250 тонна жардам келди

Греция тарабынан жер титирөө болгон аймакка жөнөтүлгөн 250 тонна жардам материалы Эдирнеге жетти.

 «Кылымдын апааты» деп сыпатталган 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин Түркияга колдоосун уланткан Греция, борбор шаар Афинаны да камтыган Аттика аймагынан Түркияга 250 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Жардам материалдарын ташыган 67 фура «Ипсала» чек ара капкасынан Түркияга кирди.

Азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана биринчи жардам каражаттарынан турган жардам кутулары жер титирөө болгон аймакка жөнөтүлүшү үчүн Эдирне станциясында поездге жүктөлдү.

Аттика аймагынын губернаторунун орун басары Василис Кокалис, аймактын экинчи жардам миссиясын Түркияга жеткиргендерин айтты.

Катуу жер титирөөдөн жабыркаган элге жардам берүү үчүн жардамдардын Аттика муниципалитеттери аркылуу чогултулганын белгилеген Кокалис: «Коңшу түрк калкынын жанындабыз жана эмнеге муктаж болсо алардын жанында болууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар