Бириккен Араб Эмираттары 11 облуска  200 тонна курма жөнөттү

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 11 облус жапа чеккен жер титирөөдөн улам көптөгөн өлкө мобилизацияланды.

1962953
Бириккен Араб Эмираттары  11 облуска  200 тонна курма жөнөттү

Бириккен Араб Эмираттары Рамазан айынан улам жер титирөөдөн жабыркаган 11 облуска  200 тонна курма жөнөттү.

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 11 облус жапа чеккен жер титирөөдөн улам көптөгөн өлкө мобилизацияланды.

Рамазан айынын жакындашы менен  Бириккен Араб Эмираттары  11 облуска 11 фура менен курма жөнөттү.

Бириккен Араб Эмираттарынын Анкара элчиси Саид Сани эз-Захири өлкөсүнүн жер титирөөдөн кийин Түркияга көрсөткөн колдоосуна токтолуп, Түркиянын жанында экенин билдирди.

Захири : «Ар дайым Түркиянын жанындабыз. Рамазан айынын жакындашы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга курма жөнөтүп жатабыз. Курмаларыбыз Газиантепке келди.  11 фура курма  11 облустун губернаторлору менен бирге   бөлүштүрүлөт», - деди.



Тектеш кабарлар