Эрдоган:«Келишим дүйнөлүк азык-түлүк камсыздоосунун ырааттуулугу үчүн өтө маанилүү»

Президент Эрдоган 18-Март шейиттер күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 108 жылдыгына карата барган Чанаккаледеги Седдүлбахир сепилинин жана Гелиболу-Эжеабат мамлекеттик жолунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1961689
Эрдоган:«Келишим дүйнөлүк азык-түлүк камсыздоосунун ырааттуулугу үчүн өтө маанилүү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган дан коридору келишиминин мөөнөтүн узарткандарын айтты.

Президент Эрдоган 18-Март шейиттер күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 108 жылдыгына карата барган Чанаккаледеги Седдүлбахир сепилинин жана Гелиболу-Эжеабат мамлекеттик жолунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган өз сөзүндө Түркия менен Бириккен Улуттар Уюмунун 22-июлда кол койгон дан коридору келишимине токтолуп:« «Белгилүү болгондой, Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуу менен согуштан кийинки эң маанилүү жарашуу маселеси болгон Дан коридору келишими бүгүнтөн тарта аяктап жаткан. Эки тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19-мартта бүтө турган келишимдин мөөнөтүн узарттык», - деди.

Эрдоган ушул убакка чейин 800дөн ашуун кеме менен дүйнөлүк базарларга 25 миллион тонна эгин ташыган бул келишимдин глобалдык азык-түлүк камсыздоосунун ырааттуулугу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

Эрдоган келишимди дагы бир жолу узартуу аракети үчүн Орусия жана Украина тараптарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысына ыраазычылык билдирди.

Дан коридору келишимине Түркия, Украина, Орусия жана БУУнун ортосунда 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда кол коюлган.

2022-жылдын 19-ноябрынан тарта 120 күнгө узартылган келишимдин мөөнөтү бүгүн аяктамак.



Тектеш кабарлар