Түркиядагы селдин кесепети
Селден каза болгондордун саны 16га жетти
Шанлыурфа жана Адыяманда селден каза болгондордун саны 16га жетти. Эки облуста 4 адамды издөө иштери уланып жатат.
Шанлыурфа губернаторлугунун билдирүүсүндө, шаарда акыркы 30 жылда чарчы метрге түшкөн жаан-чачындын орточо көлөмүнүн 57,9 килограмм болгону, борбордук райондордо акыркы 2 күндө жааган жаан-чачындын көлөмү болсо 137,6 килограммга жеткени айтылды.
Билдирүүдө: «Апааттын экинчи күнүндө каза болгон жарандарыбыздын жалпы саны 14кө жетип, дайынсыз жоголгон 2 жараныбызды издөө иштери уланууда. Селден жабыркаган бардык имараттар аныкталып, мамлекетибиз тарабынан чыгымдардын орду толтурулат»,- деп айтылды.
Адыямандын Тут району да селден эң көп зыян тарткан аймактардын бири. 24 саатта 1 чарчы метрге 136 килограммдан жаан-чачын жааган райондо 2 адам каза болуп, 2 адам дайынсыз болууда.
Имараттарга келтирилген зыянды аныктоо иштери уланып жатат.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын телефон дипломатиясы
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.