Togg үчүн буюртма берүү башталууда

953 миң лиралык баа менен сатыкка чыгууга даярданып жаткан Тогг үчүн алдын ала буюртма берүү укугуна ээ боло тургандар чүчүкулак менен аныкталат.

1960567
Togg үчүн буюртма берүү башталууда

Түркиянын Togg электр унаасынын баасы аныкталгандан кийин көңүлдөр буюртма берүү процессине бурулду.

Алдын ала буюртма жана жеткирүү үчүн лотереяга арыз берүү бүгүн башталат.

953 миң лиралык баа менен сатыкка чыгууга даярданып жаткан Тогг үчүн алдын ала буюртма берүү укугуна ээ боло тургандар чүчүкулак менен аныкталат.

Лотереяга арыздарды Togg веб-сайтынан жана Trumore тиркемесинен жөнөтсө болот.

27-мартка чейин 60 миң лира төлөм менен арыз кабыл алынат.

28-мартта нотариустун катышуусунда алдын ала буюртма ээлерин аныктоо боюнча чүчүкулак тартылат.

Ошол эле лотереяда жеткирүүнүн артыкчылыгы да айкын болот.

Унаалар ушул айдын аягынан тарта ээлерине тапшырылат.



Тектеш кабарлар