Ибрахим Калын АКШда сенаторлор менен жолугушту

Жолугушууларда Түркия жана АКШ менен карым- катнаштардын стратегиялык мааниси бааланды.

1960467
Ибрахим Калын АКШда сенаторлор менен жолугушту

Президенттиктин басма сөз катчысы элчи Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтонго сапарынын акыркы күнүндө АКШ Конгрессинде сенаторлор менен жолугушту.

Жолугушууларда Түркия жана АКШ менен карым- катнаштардын стратегиялык мааниси бааланды.

Ибрахим Калын сапарынын алкагында Демократиялык жана Республикалык партиялардын сенаторлору менен АКШнын Конгрессинин имаратында жолугушту.

Элчи Калын өткөн жылдын июль айында Стамбулга келген Адилет комитетинин улук мүчөсү сенатор Линдси Грэмди менен да Конгресстеги кеңсесинде жолукту.

Сапарда эки өлкөнүн карым-катнаштары менен бирге Түркиядагы жер титирөөлөрдөн кийинки калыбына келтирүү жана кайра куруу процесси, коргоо өнөр жай тармагындагы кызматташтыкка тоскоолдуктарды жоюу темалары талкууланды.

Ошондой эле терроризмге каршы күрөштө кызматташтык, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстери, Орусия-Украина согушунун жүрүшү, Дан ташуу келишиминин узартылышында Түркиянын ролу жана башка аймактык маселелер каралды.



Тектеш кабарлар