Ибрахим Калын АКШда...

Басма сөз катчысы Калын АКШнын Нью-Йорк шаарындагы АКШнын Соода палатасында өткөрүлгөн АКШ-Түркия Иш форумуна катышты.

1959249
Ибрахим Калын АКШда...

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, энергетикадан иммиграцияга, террор менен күрөшүүдөн Украинадагы согушка чейин дүйнөдө туш болгон кыйынчылыктардын азыр бири-бирине аралашып калганын, ошондуктан Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосунда дагы кеңири геосаясий стратегиялык диалог керек экенин айтты.

Басма сөз катчысы Калын АКШнын Нью-Йорк шаарындагы АКШнын Соода палатасында өткөрүлгөн АКШ-Түркия Иш форумуна катышты.

Калын өз сөзүндө 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдүн Түркия тарыхынын эң чоң жана заманбап тарыхта катталган эң жаман жер титирөөлөрдүн бири болгонун баса белгиледи.

Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн бир жылда 200 миң үй курууну убада кылганын белгиледи.

Башка жагынан алганда, жакынкы тарыхтагы эң жаман табигый кырсыктан үч ай өткөндөн кийин президенттик жана парламенттик шайлоолор өз убагында өткөрүлүшү абдан жакшы жышаан экенин айткан Калын: «Менин оюмча, мындай чоң кырсыкка мынчалык жакын башка эч бир өлкө шайлоо өткөрүүгө батына албайт»,-деди.

Калын, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларын чечүү үчүн кадам таштоосу керектигин баса белгилеп, айрыкча АКШнын F-16 согуштук учактарын жеткирүү жана модернизациялоо процессин буга байланыштырышынын да «такыр акылга сыйбас, кабыл алынгыс жана натыйжасыз» деп мүнөздөдү.

Энергия куурларынан аймактагы чуулгандуу абалдарга чейин  Түркиянын негизги оюнчу экенин белгилеген Калын, Түркиянын баш тартылгыс өлкө катары аймактагы бардык долбоорлордо эске алынышы керектигин айтты.

Эки өлкөнүн геосаясий глобалдык кызыкчылыктары жана НАТОдогу карым-катнаштардын стратегиялык маанисинин негизинде АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн дагы көп Түркияга келишин күтүшкөндөрүн белгилеген Калын, АКШнын иш дүйнөсүн эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүүгө чакырды.

Басма сөз катчысы Калын: «Түркияда иш дүйнөсү үчүн достук чөйрө бар жана инвестиция салган ар бир адам ар дайым бир нерсеге ээ болот»,-деди.



Тектеш кабарлар