Акар Хатайдагы чатыр шаарчада текшерүүлөрдү жүргүзүүдө

Акар башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер менен бирге Хатайга барды.

1957849
Акар Хатайдагы чатыр шаарчада текшерүүлөрдү жүргүзүүдө

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, НАТОнун жер титирөөдөн кийин Түркияга жөнөткөн 4 миң кишилик чатырына кошумча дагы 4 миң чатыр жиберүү чечимин чыгарганын билдирди.

Акар башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер менен бирге 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн жабыркаган 11 облустун арасында орун алган Хатайда текшерүү иштерин улантууда.

Ушул алкакта Акар AFAD (Табигый кырсык жана Өзгөчө кырдаалдар төрагалыгы), Улуттук Коргоо министрлиги жана НАТО кызматташтыгынын координациясында курулуп жаткан 2400 кишилик чатыр шаарчада текшерүүлөрдү жүргүздү.

НАТОнун жооптуу кызматкерлеринен жана аскерий жетекчилерден чатыр шаарча тууралуу маалымат алган Акар, жарандар жатакана жана социалдык аянттар ​​жагынан да колдоно ала турган чатыр шаарчанын түзүлгөнүн, муну мындан ары да өнүктүрө тургандарын айтты.

НАТОнун Хатайда 4 миң кишилик чатыр шаарчаны курууну улантып жатканын белгилеген Акар : «Буларга кошумча 4 миң кишилик чатыр шаарча үчүн НАТО менен керектүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү»,-деди.

Чатыр шаарчада даараткана жана ванна, ашкана, кир жуучу жай, спорттук иш-чара чатыры, ден соолук борбору, балдар аянтчасы, намазкана, таза жана саркынды сууларды тазалоочу жайлар, административдик кеңселер бар.

Минус 32 жана 49 градуска чыдамдуу баш калкалоочу чатырларда жылытуу жана муздатуу системасы, өрттү аныктоочу аппарат жана эки кабаттуу керебеттер бар. Чатыр шаарчага 2-деңгээлдеги оорукана катары кызмат кыла турган медициналык колдоо бөлүмү жана аскерлердик класс да жайгаштырылат.



Тектеш кабарлар