Стамбул аэропорту дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт

ACI World жана Amadeus тарабынан сурамжылоо жүргүзүлдү.

1956622
Стамбул аэропорту дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт

Эл аралык Аэропорттор Кеңеши (ACI World) жана саякат технологиясы фирмасы Amadeus тарабынан жүргүнчү тажрыйбасына жараша жүргүзүлгөн сурамжылоодо, Стамбул аэропорту дүйнөнүн эң мыкты аэропортторунун арасында орун алды.

ACI World тарабынан түзүлгөн ASQ программасынын алкагында 2022-жылы дүйнө жүзү боюнча 465 миң киши менен жүргүзүлгөн сурамжылоодо аэропортторду колдонгон жүргүнчүлөргө check-in, навигациянын жеңилдиги, тазалык, соода кылуу жана тамактануу сыяктуу факторлор суралган.

Жыл сайын 40 миллиондон ашык жүргүнчүнү кабыл алган 10 аэропорттун арасына Түркиядан Стамбул аэропорту кирди.

Стамбул аэропорту ошондой эле дүйнөдөгү эң жагымдуу жана эң таза аэропорттордун бири катары тандалды.

ACI World тарабынан жүргүнчүлөрдү баалоо менен аныкталган сыйлыктар 4-7-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтө турган ACI Customer Experience Global Summitинин алкагында өткөрүлө турган аземде ээлерине тапшырылат.



Тектеш кабарлар