Германиянын тышкы иштер министри менен ички иштер министри Түркияга келишет

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Кристиан Вагнер маалымат берди.

1948853
Германиянын тышкы иштер министри менен ички иштер министри Түркияга келишет

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен ички иштер министри Нэнси Фезер жер титирөөлөрдөн улам Кахраманмарашка келишет.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Кристиан Вагнер борбор калаа Берлиндеги билдирүүсүндө, Бербок менен Фезердин эртең Кахраманмарашка келип 6-февралдагы 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн жабыркаган аймактарга бара тургандарын айтты.

Вагнер, визиттин кыска мөөнөттө пландалганы жана программанын даярдыктары уланып жаткандыктан кеңири маалымат бере албасын белгиледи.

Алынган маалыматка караганда эки министр Кахраманмараштын Пазаржык районундагы чатыр шаарчаны кыдырып, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Германия жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы адамдарга виза жагынан жеңилдик бериле тургандыгын жарыялагандан кийин эки министрдин Газиантептеги виза кеңсесине да баруусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар