Чавушоглу: «Биздин шартка байланыштырылып F-16 сатып алышыбыз мүмкүн эмес, колубуз байланбашы керек»
Министр Чавушоглу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Биздин шартка байланыштырылып F-16 сатып алышыбыз мүмкүн эмес, колубуз байланбашы керек»,-деди.
Министр Чавушоглу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Түркиянын F-16ларга байланыштуу күтүүсүн ачык айтканын билдирген Чавушоглу: «F-16 учагын сатып алуу үчүн эки өлкөнүн (Швеция-Финляндия) НАТОго мүчө болушун шарттоо туура эмес жана адилеттүүлүк да болбойт. Алар эки башка маселе, экөөнүн тең шарттары бар, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өз ара түшүнүшүү меморандуму бар. Ошондуктан экөөнү бири-бирине шарттоо туура мамиле болбойт. Же болбосо биздин шартка байланыштырылып F-16ны сатып алуубуз мүмкүн эмес. Биздин колубуз байланбашы керек. Түркия менен АКШ башкаруусунун бул темада орток позицияда болушу абдан маанилүү»,-деп айтты.
Чавушоглу: «F-16 жабдыктарына болгон суроо-талабыбызды канааттандыруу эки тараптуу карым-катнаштарыбыз жагынан маанилүү, бирок аны менен бирге НАТОнун коргонуу жөндөмдүүлүгү үчүн да маанилүү»,-деди.
Министр Чавушоглу АКШнын Сириядагы милдеттенмелерин эске салып, ДЕАШка каршы ПКК/ЙПГ сыяктуу террордук уюм менен кызматташуунун туура эмес экенин баса белгиледи.
Министр Чавушоглу Орусияга байланыштуу:«АКШ жана Евробиримдиктин санкцияларынын Түркия аркылуу бузулушуна жана аларды айланып өтүшүнө жол бербейбиз деп жатабыз жана жол бербейбиз»,-деди.
Блинкен маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө:
«Президент Жо Байден айткандай, Түркия менен НАТОнун биргелешкен операциялык жөндөмдүүлүгү биз үчүн ар дайым маанилүү»,-деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Байден башкаруучулугунун Түркияга F-16 учактарын жеткирүүдөгү колдоосунун уланып жатканын билдирди.
Блинкен:«Биз Түркиянын түштүк чек арасына байланыштуу чыныгы коопсуздук тынчсызданууларын түшүнөбүз»,-деп айтты.