Урандылардан куткарылгандар тууралуу жакшы кабарлар келүүдө

Жер титирөөдөн 248 сааттан кийин 17 жаштагы Алейна Өлмез куткарылды.

1947617
Урандылардан куткарылгандар тууралуу жакшы кабарлар келүүдө

6 -  февралда Кахраманмарашта болгон, «кылымдын апааты» деп аталган жана 11 облусту таасири астына алган 7,7, 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин улантылып жаткан куткаруу иштеринен жакшы кабарлар келүүдө.

Хатайдын Антакия районундагы бир имараттын урандысынан 26 жаштагы Мехмет Али Шакироглу менен 34 жаштагы Мустафа Авжы жер титирөөдөн 261 сааттан кийин аман чыгарылды.

Антакияда бир имараттын урандысынан 14 жаштагы Осман Халебийе жер титирөөдөн 260 сааттан кийин чыгарылды. Халебийе тез жардам унаасы менен ооруканага алып барылды.

Кахраманмараштын Дулкадироглу районунда бир имаратта иштеген топтор да жер титирөөдөн 248 сааттан кийин 17 жаштагы Алейна Өлмезди куткарышты. Дарыгерлер  Алейнанын жашап калышына медициналык жактан бир мужиза деп баа беришти.



Тектеш кабарлар