Чавушоглу чет элдик мамлекеттик ишмерлер менен сүйлөшүүсүн улантууда

Министрликтен алынган маалыматка караганда Чавушоглу Түркияда болгон жер титирөөлөрдөн улам чет элдик мамлекеттик ишмерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн улантууда.

1946641
Чавушоглу чет элдик мамлекеттик ишмерлер менен сүйлөшүүсүн улантууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Малайзиянын премьер-министри Энвер Ибрахим, Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир жана Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда Чавушоглу Түркияда болгон жер титирөөлөрдөн улам чет элдик мамлекеттик ишмерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн улантууда.

Чавушоглу Энвер Ибрахим, Замбри Абдул Кадир жана Жозеп Боррелл менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Боррел менен болгон сүйлөшүүсүндө Түркиядагы жер титирөөдөн зыянга тарткан аймактардагы абал жана жардамдар талкууланды.

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алды.

 



Тектеш кабарлар